Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасындагы атышууну тийиштүү органдар иликтөөдө

Кадамжай районундагы Өзбекстанга чектеш Халмион айыл аймагынын Орто-Ынтымак айылында болгон окуяны өзбекстандык жарандар башташкандыгын бүгүн, 19-августта Кадамжай РИИБинен билдиришти.

Алынган маалыматка ылайык, учурда бул окуя боюнча тийиштүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Эскерте кетсек, аткезчилик товарларды өткөрүү үчүн чогулушкан Өзбек Республикасынын Алты-Арык районуна караштуу Ак-Билал айылынын 20дай тургуну чек арадан өтүп, Орто-Ынтымак айылына чейин келишкен. Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандарга кыргыз чек арачылары жакындашканда өзбек жарандары чек арачыларды таш менен урушкан. Ал эми кыргыз чек арачылары бир нече жолу эскертүү огун атышканына карабастан каршылыктарын күчөтүшкөндө кыргыз чек арачылары ок чыгарууга аргасыз болушкан. Натыйжада бир өзбек жаранына ок тийип, Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилгенде көз жумган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirba-Nookat.83
2014-08-19 15:22:34
Бул жерде кыргыз чек арачылары оз милдеттин так аткарган и биздин чек арачылар ойлонот коркот мыйзамсыз иш кылгандан бул жерде аткезчилик м/н жук откоргон адам жугун алдырып койбош учун ар кандай жолго барат.Эгер чек арачыларды кыйнап прокаратура сурака алып чакырта берсе чек арачылар коргой албайт ок чыгара албай калат коркуп тынч жашайын деп.
+4
sanchos
2014-08-19 15:40:11
Mirba-Nookat.83, Айтканына 100%кошулам. Бул азаматтар биздин чек араны кайтарып турушат, бийликтегилер иликтеп, суракка алып кыйнап олтурбастан керек болсо сыйлык берип, башка болукко(чек ара кызматына) которуп коюш керек. Эч болбосо бизди коргогон чек арачыларыбызга урмат менен карайлы. Сураныч.
+2
Ganibal87
2014-08-20 01:25:11
Азаматсынар чек ара кызматкерлери алга арканарда кучттуу кыргыз эли турат .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан