"Тамашоудогу" "Юристтер" командасында ойногон Нургазы Саралаев сүйүктүүсүнүн колун сурады

"Тамашоу" долбооруна катышкан мурунку “Юристтер” командасынын оюнчусу, "Сүйөм дечи" тасмасында роль жараткан таланттуу жигит Нургазы Саралаев сүйүктүүсүнүн колун сурады. 

Бул тууралуу 19-августта SUPER.KG порталына билдирип: “Сүйүктүүмдүн колун Ысык-Көлдө, романтикалуу маанайда сурадым. Шамдар жагылып, саксофондо жагымдуу ыргактар ойнолуп жатты. Болочоктогу жубайым менен 2 жыл сүйлөштүм. Аты Жаңылай, ал 24 жашта, теги Таластан болот. Быйыл медициналык окуу жайды бүтүрдү. Романтикалуу сунушум ал үчүн күтүүсүз  болду. Ага досторубуз күбө болушту. Тойду болсо ноябрь айына белгилеп жатабыз”,- деди.

Маалымат үчүн айта кетсек, учурда ал тойлордо тамадалык кылып жана жеке ишкердик менен алектенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Begimkyz
2014-08-19 17:24:39
Бактылуу болсун!
0
kamarik
2014-08-19 17:29:59
казиосиос мазиосиоз челентано бандерас деп тийишкен бала беле?
+1
jasi
2014-08-19 17:49:12
Карышкырлардын бири мен деген балаго )
Бактылуу болгула!
0
Baky1987
2014-08-19 18:30:13
Супер инфо Кубанын тоюнун видеосун киргизсенер,кутуп жатам.Сураныч!!!
0
Ashurjan
2014-08-22 12:26:13
Baktyluu boluwsun!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан