Оштун мэри эстакадалык көпүрөнүн курулушуна каршы чыккандар болгонун айтты

Бүгүн, 19-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы Навои-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Мэр курулуш иши кыйынчылык менен башталганын айтып, буларга токтолду: Шаардын келечегине тоскоол болуп, анча-мынча түшүнбөгөндөр болду. Көпүрөнүн курулушуна каршы болуп, "мен бул жерди сатып алдым эле" деп тротуарларга чейин менчиктеп, Кызыл китеп алып алгандарды көрдүк. Бул көпүрө шаар тургундарына кызмат кылуу үчүн курулуп жатат. Андыктан шаардыктарды түшүнүү менен кароого, сабырдуулукка чакырам. Мына өзүңүздөр көргөндөй, жердин астындагы иштер аяктап, иштин экинчи этабына жакынкы күндөрдө тендер жарыяланат. Көпүрөнүн курулушу толугу менен 2015-жылдын май, июнь айларында бүткөрүлүп, элге кызмат кыла баштайт”. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан