2013-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында №47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Милан Шакиевди белгисиз 4 адам бычак менен сайып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары үстүбүздөгү жылдын башында Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров кармалган эле.
Бүгүн, 19-августта аталган окуя боюнча Ленин райондук сотунда сот отуруму орун алды. Анда бул иш боюнча соттун өкүмү угузулду. Ага ылайык, айыпталып жаткан Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров сот залынан бошотулуп, үй камагына чыгарылышты. Кылмыш иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү, себеби алгачкы тергөөлөрдө бир катар кемчиликтер кеткени эске алынды.
Сот залынан бошотулган Тимур Айткожоев менен Нуркемел Искендеров аларды айыптап жаткан кылмыш ишинде эч кандай күнөөлөрү жок экендиктерин билдиришти. "Бизди 8 айдан бери камакта себепсиз кармап отурушту. Эч кандай далил жок болчу, себеби биз бул кылмышты жасаган эмеспиз",- деген оюн билдирди Нуркемел Искендеров. Ал эми алардын жактоочусу Исмаил Токобаев: "Балдардын эч кандай күнөөсү жок. Аларга жөн жерден иш козголгон. Буюрса, алар толугу менен акталат",- деп билдирди сот отурумунан кийин.