Казакстандын Мангистау облусунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык бий топторунун балдары Бишкекке алынып келинет.
Бүгүн, 19-августта “Ала-Тоо” кыргыз этномаданият бирикмесинин төрагасы Курбанали Газибеков билдиргендей, жаракат алган 3 бала медициналык жардам алуу үчүн учак менен жөнөтүлүүгө муктаж. Казакстандык маалымат каражаттары маалымдагандай, керектүү каражаттар кыргызстандыктар тарабынан чогултулган. Бүгүнкү күндө Мангистау облусундагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, айдоочунун туугандары жана казакстандык Кызыл Ай коому кырсыкка кабылгандарга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүдө.
Кырсык Жетыбай-Курык унаа жолунда орун алган. Газель кичи автобусунун айдоочусу уктап кеткендигине байланыштуу унаа жолдон чыгып кетип, ала салган. Жол кырсыгына 18 адам кабылган, алардын 15и балдар. Алардын экөөнүн буту, бирөөнүн омурткасы сынган. “Дея”, “Арууке” жана “Блютуз” бий коллективдеринин катышуучулары Мангистау облусуна Түркмөнстанда өткөрүлгөн “Достук” фестивалынан кайтып келатышкан.