Москвада кыргыз жана тажик мигранттарын жумушка алган курулуш ишканаларына айып пул салынды

Орусиянын борбору Москвада Кыргызстан жана Тажикстандан келген мигранттарды жумушка алган курулуш ишканаларына 800 миң рублдан ашуун айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Москванын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Таганск райондор аралык прокуратурасы Орусиянын миграциялык кызматы менен биргеликте “Сатори” жана “Восток транс” курулуш ишканаларында текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныкташты. “Аталган ишканалар Тажикстан жана Кыргызстан Республикаларынын жарандарын мыйзамсыз жумушка алышканы белгилүү болду.

Прокуратура ишканаларга карата Орусиянын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин “Орусия Федерациясынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамсыз ишке алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокурордун токтомун караштыруунун жыйынтыгында  күнөөлүүлөргө жалпысынан 880 миң рубль айып пул салынды”,- деп билдирди Москванын прокуратурасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kursantbek
2014-08-19 18:46:32
бизде ушинтип айып пул салса сразу митинг башталмак)))))
-3
Frunze1
2014-08-19 22:51:14
kursantbek, Кыргызстанда кыргыздар чыгат да митингге, кытайлар эмес... Орустар эмнеге митингге чыксын, кайра суйунуп жатышса керек, "каралар" жоголсун деп тилек тилешип...
+3
danik0101
2014-08-19 18:52:26
эми тиги мекендештердин айлыгын бербей койбосо экен.....
+3
Byshakov
2014-08-19 22:14:16
danik0101, бир сервис бар, ал жерде снгдан баргандын баары иштейт документи жок бирок айына 1500дон кармап калышат фмс келсе ошол акча менен жаап турушат экен. Кожоюндарга, иштегендерге, фмске баарына жакшы.....
0
almaz90
2014-08-19 19:41:44
Жумушчулардын айлыган еле кутуп койушат еми,аларга бербей айлыктарын..!
+1
Dina88
2014-08-19 22:04:21
Бербейт да документ жасаш керек эле
+1
beast
2014-08-19 23:42:29
Xaltura kylyp alywyptyrgo mentter
0
Desmond
2014-08-19 23:47:01
Россияны жалтыратып жаткан мигранттар, аларды эмнеге жаман корушот билбейм ((((((
0
realbek89
2014-08-20 00:08:41
Билбейм акыркы кундору ушул ак кулактарды коргондо эле нерв болуп, коргум келбей калды
+3
dinara7684
2014-08-20 02:21:26
менин 7айлык боюмда бар,полиция кармады (кармабашы керек)билмексенге салып текшерди,акыры бакырып уруш кылып жиберсем адамдар топтолгончо машинасын айдап оздору качып кетишти.
0
erlan.90
2014-08-20 04:08:52
Эх кана Эми озубуздо иш болгондо
+1
Nuri-Alina
2014-08-20 10:50:23
erlan.90, иш бар озубуз моюун сунбайбыз акчасы аз деп чынбы тугандар
-2
panterra90
2014-08-20 08:27:32
Ооба,Москвада жашоо кыйын!Мигранттарга шарт тузуп бериш керек негизи!Биздин мамлекет ,элди бага албагандан кийин!!!
+3
gulmira96
2014-08-20 16:56:48
Таза документ жасап мисалы: РНР менен фмске учетко туруп иштесе эч ким мышыгынды пыш дебейт. Документи жок ар кайсы жерде иштеп журсо албетте кимге кыйын мигрантка кыйын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан