* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар
Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана
Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Тиешелүү чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 1 мүчөсү каршы добуш берген. БШКнын төрагасы
Туйгунаалы Абдраимов “Конституцияга ылайык, соттолгон адамдар депутат боло алышпайт” деп билдирген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы болжол менен түшкү саат 12:30да Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБине Сары-Жаз жайлоосундагы малчылардан маалымат түшкөн. Алар Караколдон 150 чакырымдай алыс жайгашкан “Эчкили-Таш” чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер АК-74 автоматы менен келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 4 жоокерди жана алардын биринин аялын атып өлтүрүп, качып кеткенин айтышкан. Ал эми үч чек арачыга малчылар жардам берип, бекитип калышкан. * Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы белгилүү журналист Болотбек Макетаев 53 жашында дүйнөдөн кайткан. Журналист бир топ убакыттан бери боор оорусунан жабыркап келген. Маркумдун сөөгү 22-август күнү туулган жери Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жерге берилген.
* Мындан 34 жыл мурун, италиялык альпинист Райнхольд Месснер 1980-жылдын 20-август күнү биринчи жолу өзү жалгыз жана кислород маскасыз Эвересттин чокусуна чыккан.
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы 19-августта космос тарыхында эң биринчи жолу ичинде тирүү жандыктары бар “Спутник-5” космостук кемесин СССР учурган. Жандыктардын чоңу Белка жана Стрелка аттуу иттер болгон. Алар бир күндөн кийин Жерге ийгиликтүү кайтарылган.