Өткөн сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Ата районунда жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үйдүн 108 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.