Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 28 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган М.Мунушов 18-август күнү саат 18:30 чамасында көлгө чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине №38-адистештирилген өрт коопсуздугу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Кечээ, 19-августта издөө иштери улантылып, саат 13:00 чамасында чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылган.