Бишкектеги "Жеңиш" аянтында 22-август күнү Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата “Урааным - Манас, элим - кыргыз-2014” аталышында майрамдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин эне тилин, үрп-адат, каада-салт, урмат-сыйын жана улуттук оюндарын кыргыз жаштарына үйрөтүү. Ошондой эле дүйнө эли таң каларлык улуттук кийимдерин көрсөтүп, кыргыздын кылымдарды карыткан акылмандыгын камтыган философияны жана рухун тартуулоо.
Саамалыкта кыргыздын үрп-адат, каада-салт, урмат-сыйын камтыган оюн-зооктору көрсөтүлүп, манасчы, төкмө акындар, Умай эне, “Кара жорго” бийчилер тобу жана кыргыздын музыкалык аспаптарынын коштоосунда концерт өткөрүлөт.