Бишкек шаарынын тургунуна майыптыгын аныктаган документ берүү үчүн 2500 сом алган кызматкер кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынан бүгүн, 20-августта билдиришти.
Маалыматтарга караганда, О.Г. аттуу жаран бала кезинен бери майып болуп жүргөн. №1-медициналык социалдык экспертизанын комиссиясы ага майыптыгын тактоочу медициналык жолдомо кат даярдап берүү үчүн 4 жылдан бери акча сурап келишкен. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында жогоруда аталган комиссиянын башчысы О.Г. аттуу жарандан 2500 сом акча алгандыгы ачыкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.