Бишкекте "унааларды уурдап жүргөн" деген шек менен 18 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-августта кабарлады.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө Чыңгыз аттуу борбор калаанын тургуну кайрылып, короосунда токтотулган Ауди-Б4 унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында "унааны уурдаган" деген шек менен 18 жаштагы Ильяз жана Нуртилек аттуу Бишкектин тургундары кармалган. Иликтөөдө кармалган адамдардын буга чейинки 4 унаанын уурдалышына да тиешелери бар экендиги ачыкталган.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.