Өмүрбек Текебаев Мамлекеттик күзөт кызматынын президенттик аппаратта иштегендерди кайтарып жүрүшүн сынга алды

Бүгүн, 20-августта "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйынында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси талкууланууда. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев Мамлекеттик күзөт кызматынын ишин сынга алды. Айтымында, аталган кызмат мамлекеттин бюджетинин эсебинен президенттин аппаратындагы кызматкерлерди кайтарууда.

“Президенттин аппаратындагы Сапар Исаковду, Икрам Илмияновду, Фарид Ниязовду кайтарып жүргөнүн айткан экенсиңер, аларды эмнеге кайтарып жатасыңар? Же алардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатабы?”- деди Текебаев.

Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлү мындай айыптоону моюнга алган жок. Мындан кийин Текебаев: “Бизге ушундай маалыматтар айтылып жатат. Демек, жашыруун кайтарып жүрөт экенсиңер”,- деп билдирди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан