Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде болгон окуядан улам каза тапкан жарандын сөөгү өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилди. Учурда Кадамжай районунун Орто-Ынтымак айылынын аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 20-августта билдиришти.
Эске сала кетсек, кечээ, 19-августта Кадамжай районунун Орто-Ынтымак айылынын аймагында курал колдонулган окуя орун алган. Анда бир өзбек жараны каза болуп, 2 кыргыз чек арачысы жаракат алган болчу.