Ички иштер министри Абдулда Суранчиев "кылмыштуулук күчөп жатканын мойнума алам" деди

Бүгүн, 20-августта "Ата Мекен" фракциясы кезексиз жыйынында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселесин талкуулап жатат. Жыйында ички иштер министри Абдулда Суранчиев өлкөдө кылмыштуулук күчөп жатканын моюнга алды. Айтымында, ИИМ кылмышкерлерди кармап берсе, прокуратура чыгарып жиберүүдө.

Биз кылмышкерлерди кармап жатабыз. Аларды Башкы прокуратурага өткөрүп беребиз. А прокуратура чыгарып жиберет. Ал эми кылмыштуулук акыркы күндөрү күч алып жатканын мойнума алам”,- деди министр.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 104 өкүлүнө кылмыш иши ачылса, алардын жыйырма экиси соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан