Кыргызстандык мигранттарды өз батирине мыйзамсыз каттаганы үчүн Москва шаарынын тургунуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 20-августта кабарлашууда.
Маалыматтарга караганда, 53 жаштагы Москва шаарынын тургуну өз батирине 11 кыргызстандык жана молдовалык мигранттарды мыйзамсыз каттоого тургузуп койгон. Аталган мыйзам бузуу үчүн ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде “мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын батирине каттоого турган жарандар өз мамлекеттерине жөнөтүлөрү белгилүү болду.