Эртең, 21-августта "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин атасынын ысымын Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан алуу боюнча атайын чечим чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айтты.
Маматалиев: “Ат майданда Асанбек Көлбаевдин ысымы илинип турчу, ал алынды. Эми “Чолпон-Ата шаардык ат майданы” деп аталат”,- деди.