Бүгүн, 20-августтагы жыйында БШК Нарын жана Жалал-Абад шаарларынын мэрлерин шайлоо күнүн бекитти. Ага ылайык, шаарларда мэр шайлоо 8-сентябрда өтөт.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Дархан айыл аймактарында, Ош облусунун Кара-Таш жана Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айыл аймактарында орун алат.
Эске салсак, август айынын башында Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Мухтар Арапбаев өздөрү берген арызынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.