Спикердин тапшырмасы менен Ахматбек Келдибековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кайтарууга алышкан

Бүгүн, 20-августта “Ата Мекен” фракциясынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев Мамлекеттик күзөт кызматы Жогорку Кеңештин кайсы депутаттарын кайтарарын атап берди. 

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, ЖКнын депутаттарынын жашоосуна коркунуч туулса, алар кайтарууга алынат. "Депутат Ахматбек Келдибековдун өмүрүнө коркунуч пайда болгону жана аны кайтарууга алуу боюнча төраганын каты бар. Мындан сырткары депутаттар Каныбек Иманалиев, Хажимурат Коркмазов, Игорь Гусаров жана Исхак Пирматовдун өмүрүнө коркунуч болгону үчүн аларды кайтаруу боюнча төрагадан кат келген. Икрамжан Ильмиянов менен Сапар Исаковду биз кайтарбайбыз. Алар биздин мурдагы кызматкерлерибизге кайрылышы мүмкүн. Бизде коммерцияга тыюу салынат”,- деди Чоткараев. 

Аты аталган депутаттарды кайтаруу үчүн мамлекеттен акча бөлүнүп жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан