Абдулда Суранчиев: "Осетия прокуратурасы Азиз Батукаевге иш козгоп, бизден материалдарды сурады"

Осетиянын прокуратурасы Кыргызстандан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев боюнча материалдарды сурады. Муну бүгүн, 20-августта "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиев билдирди. Министрдин билдиришинче, Түндүк Осетиядан (Орусия) кармалган Батукаевге аталган өлкөдө да кылмыш иши козголуптур. "Биз аны экстрадициялоо боюнча сүйлөштүк. Бирок алар өздөрү кылмыш ишин козгогонун айтып, бизден материалдарды сурашты",- дейт Суранчиев. 
Айта кетсек, фракциянын кезексиз жыйынында Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн абалы талкууланып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан