Япониянын Хиросима шаарындагы катуу жааган жамгырдан кийин 20-августта орун алган жер көчкүдөн каза болгондордун саны 27ге жетти.
Буга чейин 18 адамдын мерт болуп, 13 кишинин дайынсыз экени айтылып жаткан эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында беш адамды куткарган куткаруучу да бар. Өлкөдөгү Башкы метеорологиялык башкармалыгы Хиросимада үч сааттын ичинде жааган жамгыр жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айтты. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 10 турак үй бузулганы маалым болду.