Президент транспорт министрине стратегиялык маанилүү унаа жолдорун курууда сапатка көңүл бурууну айтты

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-августта транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы өлкө аймагындагы жолдордун курулушу жана оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жолдор тууралуу маалымат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Калыкбек Султанов түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативдик унаа жолунун курулушун талкууга алышты. Президент аталган жолдун стратегиялык маанилүүлүгүн белгилеп, министрге жолдун сапатына жана долбоордун өз убагында ишке ашуусуна көңүл буруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары башталганга чейин Боом-Балыкчы унаа жолун оңдоону тездетүүнү айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан