Бишкек шаарынын мэриясы 2014-жылдын 18-августунда “Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу жөнүндө” №114-токтомун кабыл алды. Бул тууралуу 20-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган токтомго ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаментинен шаардын райондук администрацияларына, Билим берүү башкармалыгына жана райондук билим берүү борборлоруна мектеп окуучуларынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча милдеттер жеке жоопкерчиликти жүктөө менен өткөрүлүп берилет.
Анын ичинде Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу жөнүндө жобого ылайык иш-чараларды уюштуруу каралган.
Токтомдо "Өз убагында каржылоону жана акча каражаттарынын пайдаланылышын көзөмөлдөөнү камсыздоо, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына - билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу боюнча документтерди даярдоо жана усулдук камсыздоо, тамактандырууну уюштуруу боюнча мекемелердин иш-аракеттерине үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо жүргүзүү, тамак-аш блокторун материалдык-техникалык камсыздоо, райондук билим берүү борборлоруна сынактык соодаларды өткөрүүнү жана сатып алууларды ишке ашырууну камсыздоо, сапаттуу тамактандырууну уюштуруу боюнча билим берүү мекемелеринде туруктуу учётту жана отчётту уюштуруу керек" деп айтылат.