Чүйдө 65 жаштагы жаран "унаа уурдаган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Москва районунун тургуну укук коргоо органдарына кайрылып, Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары аталган райондун Сретенко айылынын 65 жаштагы О.Г. аттуу тургуну кармалган.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.