"Назарбек Нышанов акча үчүн баарына даяр турган адам" деп билдирди бүгүн, 22-январда депутат Турсунбай Бакир уулу. Анын айтымында "Кыргызстандын жаңы оппозициялык күчтөрү" кыймылынын төрагасы Назарбек Нышановду акыйкатчы Турсунбек Акун жалдап алып сүйлөтүп жатат. Бакир уулу Нышанов тууралуу кошумча буларга токтолду: "Учурунда “Патриоттор” партиясын түзүп, "ар бир айылга трансформатор орнотуп берем" деп Нарын жана Жалал-Абад облустарынын тургундарынан акча чогултуп алып, убадасын аткара албай камалып кеткен”,- деди.