Майлуу-Суу шарынын мэри жана мэриянын жооптуу кызматкерине карата козголгон кылмыш иши сотко өттү

Майлуу-Суу шаарынын мэри жана мэриянын жооптуу кызматкерине карата козголгон кылмыш иши 18-январда сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. Айта кетсек, аталган кызматкерлерге карата 2012-жылдын 3-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, “шалаакылык”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери тагылган. Шаар мэри Б.Р. жана мэриянын спорт бөлүмүнүн жетекчиси Т.М. шаардык спорт аянтчасын жана жолдорду оңдоого бөлүнгөн 206 миң сомду өз кызыкчылыктарына пайдаланышкандыгы үчүн айыпталышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан