* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Баткен окуясы аяктап, аскер күчтөрү Баткенден чыгарыла баштаган. Кыргызстанга 1999-жылдын жай айында кирген Өзбекстандын Ислам кыймылынын согушчандары өлкө бейпилдигине залака келтирип, коргоо күчтөрү үчүн оор сыноо жараткандыгы маалым. КРнын Коргоо министри
Мырзакан Субанов 21-август күнү премьер-министр
Амангелди Муралиевге “Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкаланды” деп рапорт берген.

* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы орустун улуу артисти
Юрий Никулин 76 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган. Дарыгерлер Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүшкөн. 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Бирок доктурлар айла таба алышкан эмес. Цирктин имаратында өткөн маркум менен коштошуу зыйнатына Б.Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.

* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы орусиялык мушкер
Николай Валуев Ленинградда төрөлгөн. П.Лесгафт атындагы Дене тарбия, спорт жана ден соолук мамлекеттик университетин бүтүргөн. Профессионалдык рингде 52 беттеш өткөрүп, экөөндө гана жеңилүү ызасын тарткан, супер оор салмакта WBA версиясы боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону.
* Мындан 822 жыл мурун, 1192-жылы Японияда императордун бийлиги жоюлуп, сёгундардын бийлиги (сёгунат) орногон.