Өткөн сутка ичинде республика аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районунда жыгач устундуу, шифер менен жабылган эки кабаттуу курулуш чарбасынын 80 чарчы метр чатыры жана 700 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.