"Ош шаарында менин үйүм жок, болгону, Бишкек шаарында бир үйүм бар" деп билдирди бүгүн, 22-январда маалымат жыйын өткөргөн Турсунбай Бакир уулу. “Ошто менин бир тууган карындашымдын жеке мейманканасы бар, ал жерге Орусия эстрада жылдыздары жана Кыргызстандагы белгилүү саясатчылары барып турушат. Акыйкатчы Турсунбек Акун ал жерди "сойкукана" деп мени атайын каралап жатат”,- дейт Бакир уулу. Ал ошондой интернетке жайылып кеткен видеодогу келин тууралуу да оюн айтты. "Ал аял саат түнкү 3тө Казакстандын тамеки талаасында иштеп жүрүп качып келген экен. Акыйкатчы катары ага жардам берейин дегем. Ал айым 2-3 жолу телефон чалып "күйөөм сабап жатат" дегенде милиция чакырып бергем. Мага анын жолдошу өчөшүп калып азыркы акыйкатчыга кайрылыптыр. Турсунбек Акун болсо бул маалыматтарды бурмалап, аталган видеолорду мага компромат катары колдонуп жатат”,- деди. Эске сала кетсек, «Кыргызстандын жаңы оппозициялык күчтөрү» кыймылынын төрагасы Назарбек Нышанов маалымат жыйын өткөрүп "Турсунбай Бакир уулу бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган жана Ош шаарында 8 үйү сойкуканага айланган" деген билдирүү жасаган.