АКШнын Бостон шаарындагы теракт боюнча айыпталган ага-ини Царнаевдердин ишин тергөөгө тоскоолдук кылганын казакстандык студент Диас Кадырбаев мойнуна алды. Мындай билдирүүнү анын адвокаты Роберт Сталга шилтеме берүү менен 21-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарда "Кадырбаев бүгүн өтө турган соттук отурумда тергөөгө тоскоолдук кылып келгенин мойнуна алары белгилүү болду. Буга чейин ал күнөөсүз экенин айтып келген эле. Ага карата козголгон кылмыш иши сотто 8-сентябрда каралат. Кадырбаев жеңил жаза алуу үчүн тергөөчүлөрдүн сунушуна макул болушу ыктымал. Д.Кадырбаев АКШнын Кылмыш-жаза кодекси боюнча 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн" деп айтылат.
Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Мындан тышкары 2014-жылдын 2-июнунда “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матанов колго түшүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган.