“Мен акыйкатчы болуп иштеп жүргөндө 14 миң сомго жакын айлык алчумун, азыркы Акыйкатчы 1000 доллар алат”,- деп билдирди бүгүн, 22-январда өткөн маалымат жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу. Акыйкатчы Турсунбек Акун өз мекемесинин бюджетине 9 миллион сом чыгаша алып келгенин айткан депутат буларга токтолду. “Мен акыйкатчы болуп турганда акыйкатчынын бюджеттик чыгымы 18 миллион сомду түзчү, азыр болсо 27 миллион сомго өсүп кеткен, бюджеттеги чыгымды азайтам деп, тескерисинче, 9 миллион сомго көбөйттү” деди ал.