Бишкекте "банк терминалынан 700 миң доллар уурдады" деп шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу 21-августта Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. Маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы банктардын терминалынан ири өлчөмдөгү акча уурдалганы тууралуу арыз түшкөн. Анын негизинде иликтөө башталып, терминалды тоногон адамдар кармалды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн канча адам кармалгандыгы жөнүндө так маалымат айтылбастыгы белгилүү болду. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов: “Бул Кыргызстандагы жасалган алгачкы кибер кылмыш десек болот. Кылмышкерлер атайын схеманын негизинде терминалдан 700 миң доллар уурдап кетишкен. Учурда шектүүлөр кармалды, бир катар адамдарга иш козголгону турат. Тергөөнүн аягы менен биз кенен маалымат беребиз. Азыр бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат,”- деп билдирди.