Тоноочулукка шектелген Бишкектин тургундары камакка алынышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө 25 жаштагы Аскат аттуу жаран кайрылып, чала тааныш болгон Улан жана Эмил аттуу адамдар ур-токмокко алуу менен баалуу буюмдарын тартып алышкандыгын кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Улан жана Эмил аттуу Бишкектин тургундары кармалган. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.