Мелис Мырзакматов: "Ош шаарында ынтымакты бекемдөө иштери быйыл да күчүндө болот"

Жаз мезгили келери менен Ош шаарында бир топ курулуш иштери жандана турганын бүгүн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов мэриянын аппарат жыйынында билдирди. “Бул курулуштар эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында ишке ашат. Өз ара мамилелерди бекемдөө иштери Ош шаарында быйыл да катуу күчүндө болот”,- деди мэр. Бул боюнча ар бир ишканада ич ара чыр-чатак жаратпоо, кызматкерлер жылуу алакада иштеши керектигин мекеме жетекчилерине катуу эскертти. Мэр ошондой эле чыр-чатакты болтурбоо, ынтымактуулукту чагылдырган темадагы ачык сабактар ар бир мектептерде өткөрүлүшү керектигин да кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан