* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы Токмок шаарын көтөрүлүш маалында басып алууга аракет жасаган кыргыздар жеңилүүгө дуушар болушкан. 14-августта башталган чабуул бул күнү ийгиликсиз аяктаган. Шаарга бул күнү таңга маал подполковник Гейцигдин отряды кирип, бир саат аралыгында орус аскерлери позицияны толук ээлешип, чабуул койгон кыргыз колун артиллериянын күчү менен толук талкалаган.* Мындан 69 жыл мурун, 1945-жылы Япониядагы Мидзухо кыштагынын балта менен куралданган бир нече тургуну айылдагы корей улутундагы 28 жашоочуну өлтүрүп салышкан.

* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы орусиялык театр жана кино актёру
Марат Башаров Москвада туулган. Мектепти аяктаган соң Марат Башаров ММУнун юридикалык факультетине тапшырып, бирок окуусун аягына чейин бүтүрбөстөн таштап, Москва шаарындагы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайына тапшырган. Ал "Сибирский цирюльник", "Ворошиловский стрелок", "Граница. Таёжный роман", "Гибель империи", "Турецкий гамбит", "Господа офицеры: Спасти императора", "Служебный роман. Наше время", "Анна Герман" аттуу белгилүү тасмаларга тартылган.

* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы советтик “Кавказ туткуну”, “Ы операциясы”, “Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмаларында өчпөс роль жараткан актёр
Александр Демьяненко (Шурик) 62 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган. Актёр 1937-жылы 30-августта ошол кездеги Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарында туулган. Атасы Сергей Демьяненко ГИТИСти (театралдык окуу жай) аяктаган актёр болгон. Александр Демьяненко актёрлук ийримдерге катышып, атасынан өткөн талантын такшалтууга аракет кылган. Актёр 1964-жылы Леонид Гайдайдын комедияларына тартылып, тасмалар көрсөтүлгөндөн кийин зор атакка жеткен.