Жогорку Кеңеште Ош аэропортунун аянтын кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында КРнын Өкмөтү тарабынан сунушталган "Сугат, айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2-окууда каралганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоору Ош аэропортунун жаңы аэробекетин, жүктөө терминалын курууга, учуп-конуу тилкесин узартууга жер тилкесинин муктаждыгынан улам демилгеленген. Маалыматка ылайык, жыл өткөн сайын жүргүнчүлөрдүн саны арбып, эл аралык каттамдар көбөйгөндүктөн, Ош аэробекетин кеңейтүү зарылдыгы бар. Аэробекет аймагын кеңейтүү үчүн Нариман айыл округунан 7 гектар жер каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан