Бишкекте "Безпроводной Бишкек" аттуу сынактын жеңүүчүсү аныкталды

22-январда “Безпроводной Бишкек” (зымсыз интернеттүү Бишкек) сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул сынактын талабы шаардагы акысыз интернет аймактарын  (Wi-Fi) түшүндүрүп туруучу эмблемаларды ойлоп табуу болгон. Жыйынтыгында көптөгөн катышуучулардын ичинен Марсель Шейшенов аттуу адам жеңүүчү деп аныкталды. Ага шаар мэри Иса Өмүркулов 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырып, анын жараткан эмблемасы бир катар коомдук жайлардан орун ала турганын айтты. Шаар башчысы акысыз интернет аймактары көбөйтүлө турганын да кошумчалады.

Сүрөттө:

1-2-3. Бишкек мэри Иса Өмүркулов, сынактын жеңүүчүсү Марсель Шейшенов жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан