Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, Литва өлкөсүнүн жараны каза болду

Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 21-август күнү саат 20:00 чамасында Каракол – Балыкчы унаа жолунун 192-чакырымында БМВ унаасы менен Хонда Стрим унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 4 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Хонда Стрим унаасындагы Литва Республикасынын жарандары 1973-жылы туулган Санита Блейда Кызыл-Суу айылдык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жана каза болгон 1974-жылы туулган Липс Эрнс аталган оорукананын өлүкканасына "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан