Кечээ, 21-августта Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Ички иштер министрлигинин полигонунда 10 гектар куураган чөп күйгөн. Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөрдөн 10 адам, аскер бөлүмүнөн 3 адам, Көк-Жар айыл өкмөтүнөн 10 адам тартылган. Саат 15:50 чамасында башталган өрт саат 18:20да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.