Казакстанда жол кырсыгына кабылган бийчилер Кыргызстанга кайтышууда

Казакстанда жол кырсыгына кабылып жараат алган кыргызстандык “Дея”, “Арууке”, “Блютуз” бий топторунун балдары 21-августта мекенге жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 22-августта билдирди.

Кырсыктан олуттуу жараат алган 4 бала Актаудан Алматыга учак аркылуу жөнөтүлдү. Аларды аэропорттон туугандары, Кыргызстандын Алматыдагы Башкы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышып, Бишкекке жөнөтүштү.

Ал эми Кыргызстанга поезд аркылуу жөнөтүлгөн бий тобунун 13 баласы жана жетекчилери 24-августта келишет.

Эске салсак, кырсык 16-августтан 17-августка караган түнү Жетыбай-Курык унаа жолунда орун алган. Газель кичи автобусунун айдоочусу уктап кеткендигине байланыштуу унаа жолдон чыгып кетип, ала салган.

Салондо 18 адам болсо, алардын 15и балдар болгон. Экөөнүн буту, бирөөнүн омурткасы сынган. Алар Мангистау облусуна Түркмөнстандан “Достук” фестивалынан келе жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
WINNER
2014-08-22 20:50:04
Айдоочу ким болду экен? Шыпаасын берсин айыгып кеткиле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан