Бишкекте “автоунаа уурдаган” деген шек менен 2 жаран кармалды

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын 1980-жылы туулган Жыргал аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтоп турган Фольксваген Венто унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада “автоунаа уурдаган” деген шек менен 1995-жылы туулган Нуртилек жана 1996-жылы туулган Ильяз кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azi_kas
2014-08-22 11:12:25
Эх тообо жаштар кайда эле кетип жатышат?! Эми гана жашоону тушунуп баштаганда эле уурулук кылышса,келечекте кайда барабыз???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан