Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1992-жылы туулган Бишкек шаарынын Тынчтык аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда аталган жаранды шаардагы кафелердин биринен белгисиз адамдар күч колдонуп сабап, жанындагы акчасын тартып алышканы жазылган. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, натыйжада кылмышка шектүү делинип 1992-жылы туулган Ислам кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.