Алайда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди. Маалыматтарга караганда, Алайдагы Бор-Дөбө айылында 21-август күнү саат 17:52де күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Адистердин айтымында, жер силкинүүнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 7 чакырым алыстыктагы тоолордо болгон.