Египетте эки автобустун кагылышында каза болгондордун саны 38ге жетти

Египеттеги Синай жарым аралынын түштүк тарабында эки автобустун кагылышында каза болгондордун саны 38ге жетти. Буга чейин 33 адамдын набыт болуп, 40тан ашуун адамдын жаракат алганы айтылган эле. 22-август күнү эртең менен орун алган жол кырсыгы тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Кырсык Шарм-эш-Шейх курортунан 50 чакырым алыстыкта катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, бир автобустун айдоочусу рулду башкарып бара жатып уктап калган. 

Каза болгондор жана жабыркагандардын арасында Украинанын 1, Сауд Арабиянын 2 жана Йемендин 1, калганы Египеттин жарандары бар экени айтылды. Айрым ММКлар Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө шилтеме берип, жаракат алгандардын арасында Орусия, Сауд Арабия, Йемендин жарандары бар экенин жазышкан эле. 

Окуя болгон жерде куткаруу иштерине 30дай "Тез жардам" кызматы тартылып, жаракат алгандар бейтапканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан