Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлерге кыргыз тили боюнча сабактар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунан билдиришти.
Аталган окуунун башкы максаты - иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүдө кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюу, адабий тилдин ченемдерине ылайык иш кагаздарын жүргүзүү, буйруктарды чыгаруу жана Чек ара кызматындагы болгон иш кагаздарды так жүргүзүү.
Маалыматка ылайык, сабактар бүткөндөн кийин аскерлерге сертификат тапшырылат. Андан кийин алар өздөрү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүндө иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабактарды өтүшөт.