Алмазбек Атамбаев жана билим берүү министри келе жаткан окуу жылына даярдыкты талкуулашты

Бүгүн, 22-сентярбда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев КРнын Билим берүү министри Канат Садыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө К.Садыков өлкө башчыга келе жаткан окуу жылына даярдоо иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берди. “Тагыраак айтканда, 2014-2015-окуу жылында орто билим берүү системинде 2204 мектеп иштейт. Аларда жалпысынан 1 миллиондон ашуун окуучу окуйт. Мындан тышкары 927 мектеп алдындагы окуу жайларда 132,5 миң бала окуйт”,- деди министр.

Анын билдиришинче, быйыл 56 билим берүү объектилеринин курулушунун аякташы күтүлүүдө. Алардын 23ү үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта иштей баштайт.

Мындан тышкары А.Атамбаев К.Садыков менен КРнын жогорку билим берүү системин оптимизациялоо боюнча концепциясын ишке ашыруу маселесин талкуулады. “Окутуунун сапатын жогорулатуу жана коррупцияны жоюу - жогорку билим берүү тармагындагы реформанын негизги багыттары”,- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан