Бүгүн, 22-августта Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата “Урааным - Манас, элим - кыргыз-2014” аталышында майрамдык фестиваль өткөрүлдү. Иш-чарада манасчылар, төкмө акындар, бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты. Умай эне аластап чыгып, каалоо-тилегин айтты.
Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин эне тилин, үрп-адат, каада-салт, урмат-сыйын жана улуттук оюндарын кыргыз жаштарына үйрөтүү. Ошондой эле дүйнө эли таң каларлык улуттук кийимдерин көрсөтүп, кыргыздын кылымдарды карыткан акылмандыгын камтыган философияны жана рухун тартуулоо.
Саамалыкта балдар арасында оюн-зооктор уюштурулду. Мындан тышкары кыргыздын үрп-адат, каада-салт, урмат-сыйын камтыган көргөзмө тартууланды, көрүүчүлөр кымыздан даам сызышты.