Экономика министрлигинде 21-август күнү айыл чарба азык-түлүктөрүн Орусияга экспорттоо тууралуу жыйын өттү. Ага КРнын Өкмөтүнүн тийиштүү мекемелери, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы соода өкүлү, ишкердик коомчулук жана өлкөдөгү азык-түлүк өндүрүүчүлөрү катышышты.
Жыйында Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Орусияга, Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо маселеси талкууланды. Буга чейин Орусия өкмөтүнүн 7-августтагы токтомуна ылайык, Евробиримдик, АКШ, Австралия, Канада, Норвегия падышалыгынан азык-түлүктү импорттоого тыюу салынган. Кыргызстанда өндүрүлгөн продуктулардан сүт азыктарын, консерваланган жемиштерди экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Өлкөдөгү сүттү иштетүүчү 34 заводдун сегизи гана өз азыктарын сыртка чыгара алат.