Кыргыз Эл артисти, скрипач Мунарбек Атагелдиев 65 жаш курагында 20-августта дүйнө салды. Өмүр бою А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестринде эмгек өтөгөн инсандын сөөгү бүгүн, 22-августта “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Искусство өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.
Мунарбек Атагелдиев 1949-жылы 7-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Көптөгөн жылдар бою А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында иштеген. Ошондой эле А.Жумакматов атындагы симфониялык академиялык оркестри менен Орусия, Түркия, Франция, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерди кыдырып өнөрүн тартуулаган. Оркестрге көптөгөн жаш таланттарды таптап чыгарган. Музыка искусствосуна чоң салым кошкон М.Атагелдиевге 1990-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1993-жылы КРнын Эл артисти наамы ыйгарылган.
М.Атагелдиев музыкалык үй-бүлөдө туулган. Ал эки баланы тарбиялап өстүргөн. Уулу Эмил Атагелдиев -виртуоз пианист, көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты.
Анын аткаруусунда чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары грампластинкага жазылган, алар Кыргыз радиосунун Алтын фондунда сакталуу. Эң башкысы, М.Атагелдиев кыргыз скрипка мектебин түптөөчүлөрдүн бири болуп саналат.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Мунарбек Атагелдиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.