Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды
Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Белгилүү болгондой, бүгүн, 22-августта Бишкектин Рыскулов жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен Газель, Ниссан Сефиро, Хонда Степвагон унаалары сүзүшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, Газель унаасы Рыскулов көчөсү менен күн батышты карай баратып карама-каршы тарапта келе жаткан Ниссан Сефиро унаасынын арткы бөлүгүн, кийин жол четинде токтоп турган Хонда Степвагон унаасын капталынан сүзүп токтогон. Учурда кырсык болгон аймакта МАИ кызматкерлери иш алып барышууда.